Чүйдө аскердик унаа кабылган жол кырсык: Жаракат алгандардын абалы айтылды

Чүйдө кечээ, 27-августта аскердик унаа жол кырсыгына кабылды. Маалыматты Коргоо министрлигинен тастыкташты.

Маалыматка ылайык, Аскер институтунун курсанттары ант берген соң "Ата-Бейит" тарыхый-меморалдык комплексине жакын жерде кырсыкка учураган.

Алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин 9 адам ар кандай жараат менен Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы ооруканаларга жеткирилген. Калгандары Аскер госпиталында дарыланууда. Абалдары канааттандырарлык.

Бул факты боюнча кызматтык иликтөө башталып, кырсыктын келип чыгышы боюнча териштирүү жүргүзүлөрү маалымдалды.

Буга чейин социалдык тармактарда Аламүдүн районунда ант берүү салтанатына барган аскердик унаа кырсыкка кабылганы тууралуу видео тараган.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан