
Пакистандын аймагында 14-июндан бери тынымсыз жааган жамгырдын кесепетинен 1003 адам каза болуп, 1527 адам жаракат алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, акыркы бир сутка ичинде 119 адам каза болгон. Ошондой эле нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен 3451, 5 чакырым жолго зыян келип, 149 көпүрө ураган. Андан тышкары 949 миң 800 турак үй жараксыз абалга келип, 719 миң 500 баш мал өлгөн.
Пакистан бийлиги өлкөгө өзгөчө абал режимин киргизип, кошуна өлкөлөрдөн жана эл аралык уюмдардан жардам сураган.