Жогорку Кеңештин 5-декабрдагы жыйынында “ата мекенчи” депутаттар саясат таануучу Марат Казакбаевди туура эмес маалымат таратты деп айыпташты. Туратбек Мадылбеков “Казакпаев айтып жатат “ата мекенчилер” Саруу айылына барып чагымчылдык жасап келишти” деп. Бул киши Акаев менен Бакиевдин күкүгү болгон. Биз саруулуктардын талабын угуп, айрым туура эмес иштерин да айттык”,- деди.
Ал эми депутат Асия Сасыкбаева “биз эмне Сарууга барабыз деп Казакбаевден уруксат сурашыбыз керекпи? Депутаттык укугубузду пайдаланып, эл менен жолугушуп келдик. Көйгөйлөрүн чечүүгө жардамыбызды беребиз”,- деп билдирди.