Тарых музейинде “Кыргыз модасына таазим” иш-чарасы өттү

Улуттук тарых музейинде “Кыргыз модасына таазим” аталышындагы көргөзмө ачылды. Ага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу катышып сөз сүйлөдү. Бул туурасында министрликтин маалыматында айтылат.

Чыңгыз Эсенгул уулу өз сөзүндө ата мекендик дизайнерлерди жана Кыргызстандын мода индустриясын жайылтуу максатын көздөгөн иш-чараны министрлик тиешелүү деңгээлде колдоого ала тургандыгын белгиледи. Ошондой эле кыргыздын алгачкы кийимдеринин тарыхый үлгүлөрү, бүгүнкү күнгө чейин мода индустриясынын эволюциясы катары белгилүү болот деген ишенимин билдирди.

“Саркеч үйү” – 2014-жылы негизделген жана Кыргызстандагы дизайнерлерге өз продукцияларын илгерилетүүгө жана сатууга мүмкүнчүлүк берген уникалдуу аянтча.

Бүгүнкү күндө "Саркеч үйү" (Мода үйү) өлкөдөгү биринчи көргөзмө-рум болуп саналат. Анда кийим-кече, аксессуарлар жана зер буюмдардын жергиликтүү дизайнерлеринин автордук буюмдары гана коюлган. Саркеч үйүнүн аркасында 30дан ашык дизайнерлер жекече тигүү менен гана алектенбестен, үзгүлтүксүз түрдө сезондук жана капсулалык коллекцияларды чыгаруу менен алектенип келет.

Шоурумдун негиздөөчүлөрү болуп Сонун Нурманбетова жана Алтынай Рыскулова, ошондой эле Asylbashev Creative ЖЧКсы болуп саналат.

Эске салсак, аталган иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Улуттук тарых музейи тарабынан колдоого алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан