Казакстанда 36 жаштагы аял мындан 28 жыл мурун каза болгон делген апасы менен жолукту

Коңшу Казакстандын Уральск шаарында 36 жаштагы жаран мындан 28 жыл мурун каза болгон делген апасынын тирүү экенин билди. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, Любовь Клейманова аттуу жаранды 8 жашында апасынан алып кетип, эки жылдан кийин апасынын каза болгондугу тууралуу күбөлүгүн көрсөтүшкөн. Кызды атасы, чоң атасы жана чоң энеси тарбиялаган. Ал кордукта чоңойгонун, апасынын мээримин, жылуу колдорун сагынып чоңойгонун билдирген.

"Апамдын биринчи никесинен эки баласы бар болчу, мен жана агам. Дагы бир уулу башка кишиден. Агам атамдын колунда тарбияланып, мен сегиз жашка чейин апам менен жашадым. Бир күнү апам "Сага атаң келди, сени алып кетет. Сен атаң менен жашап тур, анан мен сени алып кетем" деди. Мен атамды ошондо биринчи жолу көрдүм. Атам мени чоң энемдин колуна берди. Алар мени катуу тарбиялап өстүрдү. Мен бактылуу балалыкта чоңойдум деп айта албайм. Үйдөн чыкпай, сабак окуп гана отурчумун. Албетте, курсагымды тойгузуп, кийим алып бергени үчүн ыраазымын", - деген Любовь Клейманова.

Ошондой эле ал 11 жашында апасынын каза болгондугу тууралуу күбөлүгүн туугандары көрсөтүшкөнүн билдирген.

"Мен апамды ар дайым сурачумун. Алар апам мени таштап кеткенин айтып, 11 жашка чыкканда апамдын каза болгондугу тууралуу күбөлүгүн көрсөтүшкөн. Мен аябай ыйлагам", - деп кошумчалаган ал.

Апасынын каза болгондугу тууралуу күбөлүктү чоң атасы жасаткан. Алгач ал аны дайынсыз жоголду деп каттап, андан кийин сот аркылуу каза болгондугу тууралуу күбөлүк алган.

Жакында эле Любовь Клеймановага каза болду делген апасынын кошунасы телефон чалган. Ал апасы тирүү, бирок ал көзү азиз жана эч кандай документи жок экенин айтып, Орусиянын Саратов облусунда жашаарын билдирген.

"Албетте, башында ишенген жокмун. Биринчи телефон аркылуу сүйлөшкөнүбүздө ал кечирим сурап, өмүр бою балдары жөнүндө ойлонуп, күтүп жүргөнүн айтты. Азыр апамдын эч кандай документи жок, пенсиясы, майыптыгы боюнча жөлөк пул жок", - деген Клейманова.

Ал апасы менен жолугушуу үчүн мүмкүн болушунча бардыгын тезирээк жасаганга болгон күчүн жумшаганын белгилеген.

"Мен анын өлүмү тууралуу күбөлүктү жокко чыгартып, жолго чыктым. Жол бою аябай тынчсыздандым. Жолукканыбызда унчукпастан гана кучакташып, кечке ыйладык. Азыр апам үйүмдө", - деген ал.

Ал апасы бактылуу карылыкта өмүр сүрүшү үчүн колунан келгендин баарын жасоого аракет кыларын кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан