27-августта Ош шаарында Эгемендүүлүк күнүнүн 31 жылдыгына карата жалпы шаардык ишембилик өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ишембиликке шаардын бардык мекеме-уюмдарынын, муниципалдык ишканаларынын жана кызматтарынын эмгек жамааттары, саламаттыкты сактоо жана билим берүү мекемелеринин, анын ичинде жогорку окуу жайлардын жана бала бакчалардын кызматкерлери, жалпы тургундар катышты.
Шаар аймагын тазалоонун алкагында ар бир ишкана өздөрүнө бекитилген аймакты таштандылардан тазалоо, мекеме-ишканалардын фасаддарын жуу жана сырдоо, тротуарларды жана каналдарды тазалоо иштерин жүргүзсө, жашоочулар көп кабаттуу үйлөрдүн айланасын иретке келтиришти.
Ишембиликте чогулган 2100 куб таштандыны "Ош-Тазалык" жана "Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты" ишканалары ташып чыгарды.