“Кыргызстан той, коррупция жана митингдердин айынан өнүкпөй жатат”,- дейт Эсенгул Исаков

“Кыргызстанды тойлор, коррупция жана митингдер өнүктүрбөй жатат”,- деди депутат Эсенгул Исаков парламенттин 5-декабрдагы жыйынында. Айтымында, өлкөдө туруктуулукту сактоо башкы маселеге айланды. “Элди бөлүүгө жол бербешибиз керек. Өлкөнүн өнүгүшү үчүн тынчтык болушу зарыл болуп турат. Тынчтыкты сактап, ашыкча чыгымдарды кыскартсак бат эле өнүгүп кетмекпиз”,- дейт депутат.

Ал эми депутат Абдыманап Кутушев “Немис философу “эл - мамлекеттин эмне каалаарын билбеген бир бөлүгү” деген. Бул мурунку заманда айтылган сөз болсо да, азыр да колдонууга туура келип жатат. Элдин бир бөлүгү мамлекеттин кызыкчылыгына каршы турган саясатчыларды ээрчип кетүүдө. Өлкөнүн өнүгүшү кыргызстандыктарга гана керек, Ливия, Тунис, Ливия сыяктуу өлкөлөрдө эмне болуп жатканын көрүп турабыз го. Эски, маданиятсыз, өзүн гана ойлогон аткаминерлерден арылууга мезгил келди”,- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан