Бишкектин борборунда Эгемендүүлүк күнүнө карата салют атылбайт

31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкек шаарында майрамдык салют атылбайт. Бул тууралуу шаардык мэрия тарабынан белгилүү болду.

"Мындай чечим биринчиден, айлана-чөйрөнү коргоо максатында кабыл алынды. Фейерверк көмүр кычкыл газын же парник газын өндүрүүгө салым кошот. Мындан тышкары башка экологиялык эмес компоненттер болушу мүмкүн. Катуу үнү канаттууларды жана жаныбарларды коркутуп, дүрбөлөңгө салат, фейерверк атылгандан кийин көчөлөрдө көптөгөн таштандылар калууда.

Экинчиден, жаркыраган көз ирмемдик шоу көп акчаны талап кылат жана фейерверктен баш тартуу муниципалдык бюджетти үнөмдөйт", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан