Таласта зордуктоого кабылган 17 жаштагы кыз 27-август күнү Бишкектеги төрөт үйлөрдүн биринде көз жарган. Саламаттыкты сактоо министрлигине байланышканыбызда, кыздын учурдагы абалы орто экендигин билдиришти.
Калган маалыматтар тергөө иштери жүрүп жаткандыгына жана кыздын жашы жете электигине байланыштуу жашыруун экендиги айтылды.
Белгилей кетсек, буга чейин, 28-июнь күнү Талас РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Талас районунун Манас айылынын 2005-жылы туулган Ж.Ю. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал ушул эле айылдын тургуну, 2003-жылы туулган С.Ш. аттуу баладан кош бойлуу болуп калгандыгын билдирген.