Бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Түркиядагы кыргыздардын кыргыз бийлигине жасаган кайрылуусу жөнүндө маселе көтөрүлдү. Айта кетсек, ал кайрылууда чет элдик жарандарга Кыргызстандан узак мөөнөткө жердин ижарага берилишине жол ачкан өкмөттүн токтомуна Түркиядагы кыргызстандыктардын каршы экендиги айтылган. “Кыргызстандын аймагынан чет элдик жарандарга жерди 49 жылга ижарага берүү жана ал жерге салынган курулушту менчиктештиришине жол бере турган өкмөттүн токтому чыгыптыр. Өкмөт эмне үчүн муну Жогорку Кеңеш менен макулдашпайт? Токтомду карап чыгалы. Кыргызстанга кызыккандар көп, эртең эле башкалар толуп кетет. Франциянын кейпин кийип калышыбыз мүмкүн. Биз өз жерибизде индеец же абориген болуп жашагыбыз келбейт”,- деди Рыспаев.