Бишкекте бүгүн кыргыз-казак айтышы башталат. Акындардын тизмеси

Бүгүн, 30-августта XV эл аралык кыргыз-казак айтышы башталат. Бул тууралуу "Манас" театрынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, айтыш Эгемендүүлүк күнүнө жана "Токтогул" атындагы сыйлыктын лауреаты, Эл артисти, төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгына арналып уюштурулууда. Анда 8 кыргыз акыны 8 казак акыны менен таймашат.

Кыргыз акындары: Баян Акматов, Чыңгызхан Кожошов, Жеңишбек Жумакадыр, Акматбек Султан уулу, Асылбек Маратов, Азамат Болгонбаев, Мамбеттокто Мамбеторозо, Амантай Кутманалиев.

Казак акындары: Сырым Ауэзхан, Сагыныш Смет, Биржан Байту, Аспанбек Шугатаев, Айтпай Жумагулов, Данияр Алдаберген, Мурадым Мирланов, Алтынбек Ибрагимов.

Айтыш Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында болот. Башталышы саат 18:00.

Белгилей кетсек, айтыш эртең, 31-августта дагы уланат. Байге фонду 3 миллион сом.

Иш-чараны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук “Манас” театры жана Республикалык “Айтыш” коомдук фонду уюштуруп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан