Жогорку Кеңештин 5-декабрдагы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал боюнча пикирин айтты. “Мурда мамлекеттик кызматтарда иштеп, уурулук кылып кармалгандар азыр мамлекетти башкаргысы келип жатат”,- деди ал. Айтымында, кимдин ким экенин сот гана аныкташы керек.
“Өкүнүчтүү. Чет өлкөдөн кочкорлорду алып келип мамлекетти карызга батыргандар, өлкөнүн атынан эл аралык жолугушууларга кетип, бирок түндө каалагандай жүрүп, эртеси жолугушууларга кечигип барып Кыргызстанды уят кылгандар азыр элди, өкмөттү, мамлекетти башкарабыз дешүүдө. Буга жол беребизби? Коррупция менен күрөштө биз күрөш тарапта бололу. Кыргызстан качан оңолот, ууру, коррупционерлер качып жүргүдөй болгондо гана оңолот. Азыркы баш аламандык кылгысы келгендер былык иштерибиз ачылып калбасын деп жан талашууда. Мыйзамга өзгөртүү киргизип, аларды жоопко тартуунун мөөнөтүнүн аякташын узартканы жатабыз. Кылмыш кылгандар жооп бериши керек. Өмүр бою мамлекеттик кызматта иштегендер эч качан бай болбойт”,- деди төрага.