Тайвандык аскерлер Кытай армиясынын учкучсуз учагы Цзиньмэнь аралдарына жакындагандан кийин биринчи жолу аны аткылашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ок учкучсуз учак аралга жакындагандан кийин атылган. Жооп катары дрон артка бурулуп, Кытайдын жээктеги Фуцзянь провинциясында жайгашкан Сямэнь шаарын көздөй качкан.
Бул Кытайдын учкучсуз учагын аткылаган биринчи окуя болду.
Шейшемби күнү эртең менен Тайвандын Куралдуу күчтөрү аралга жакындап келе жаткан Кытайдын 24 учагын жана 11 кемесин аныкташкан. Сегиз учак Тайвань кысыгынын орто сызыгы деп аталган тилкеден өткөн.