Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин өлкө башчы Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин администрациясынан маалымдашты.
“Урматтуу Садыр Нургожоевич, Кыргыз Республикасынын улуттук майрамы – Эгемендүүлүк күнүнө карата менин эң жылуу куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык духунда өнүгүп жатат. Ар түрдүү тармактардагы эки тараптуу кызматташуу, Евро Биримдик, ЖККУ, КМШ, ШКУ жана башка көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагындагы кызматташуу жакшы натыйжа берүүдө.
Биргелешкен күч-аракеттер менен биз дос элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн, аймактык коопсуздукту жана стабилдүүлүктү чыңдоо максатында өз ара пайдалуу орус-кыргыз мамилелеринин бардык комплексин мындан ары кеңейтүүнү камсыздайбыз деп ишенем”, - деп айтылат куттуктоо катында.
Ошондой эле Владимир Путин Садыр Жапаровго чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми өлкөнүн бардык жарандарына тынчтык менен гүлдөп өнүгүү каалады.