Парламент: Тайырбек Сарпашевди кызматтан бошотуу боюнча токтом кабыл алуу сунушу колдоо таппады

Жогорку Кеңештин 5-декабрдагы жыйынында депутат Максат Сабиров вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев тууралуу токтом кабыл алууну сунуштап, бирок колдоого алынган жок. “Сарпашевдин ишин иликтей турган комиссия түзүү тууралуу токтом турат, эми аны иштен убактылуу четтетип туруу боюнча токтом кабыл алып коёлу”,- деди депутат.

Вице-спикер Төрөбай Зулпукаров буга парламенттин укугу жок экенин айтты. “Муну өкмөт чечет, бул боюнча сунуш киргизүүгө да биздин укугубуз жок”,- деди ал.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан