Бүгүн, 5-декабрда Ош шаарындагы борбордук аянтка Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибеков жана шаар кеңешинин депутаты Шайлообек Атазовду колдогон тарапташтары кайрадан митингге топтоло башташты. Учурда Оштун борбордук аянтында болжол менен 200-250дөй адам жүрөт. Арасында этникалык кыргыздардын өкүлдөрү да бар. Алардын атынан Талип Айдараов деген жаран эл алдына чыгып “Өзбекстандан келип кыргыз жарандыгын алып жашап жатканыбызга 4 ай болду. Биз митингчилердин талабына кошулабыз” деди этникалык кыргыздардын атынан.
Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Элира Чынтемир кызы билдирди.