Бүгүн, 1-сентябрь өлкөдө Билим күнү. Бул күндө бардык жеткинчек, өспүрүмдөр үч ай бою күткөн билим уясына бет алышты. Мектепке бара жаткан окуучулардын жүздөрүнөн кубанычтын, сүйүнүчтүн белгилерин көрүүгө болот. Алардын катарында алгачкы ирет мектеп босогосун аттаган даярдоо жана 1-класстын окуучулары үчүн бул күн унутулгус болуп, эстеринде калары бышык.
Окуучулардын толкунданып, маңдай жарыла сүйүнгөн бактылуу көз ирмемдерин тартуулайбыз.
Билим күнүндө беш небересин мектепке ээрчитип барган Аида Адисова бул майрамды өзгөчө толкундануу менен өткөргөнүн билдирди.
"Бүгүн мектепке беш неберемди алып бардым. Алар бул күндү чыдамсыздык менен күтүштү. Жаңы алган кийимдерин кийип көрүшүп толкунданып жатышты. Неберелеримдин бүгүнкү таңкы маанайын көрүп алып өзүнчө сүйүнүп, кубанып турдум.
1-класстын босогосун аттаган неберем бүгүн билим майрамында коңгуроо какты. Өзгөчө толкунданып, өзүмдүн балалык кезим эске түштү. Мен дагы ушул мектепти аяктагам.
Балдарыбыз билимге умтулган жаштардан болсун демекчимин. Неберелеримдин жакшы билим алуусуна дайыма аракет кылам", - дейт ал.