Орусия Запорожье атомдук станциясынын аймагында абал оор экенин жарыялады

Орус аскерлери Украинанын Энергодар шаарындагы Запорожье атомдук станциясындагы кырдаалды көзөмөлдөп турат, бирок абал оор бойдон калууда. Мындай маалымат Орусиянын Коргоо министрлигинин телеграм каналына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Украин аскерлеринин аткылоосунан улам шаарда электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, интернет иштебей калган. Учурда атомдук электр станциясында абал оор бойдон калууда.

Украинанын Куралдуу Күчтөрү МАГАТЭнин делегациясынын Запорожье АЭСине пландалган сапарынын алдында Энергодарды аткылоодо. Соңку 24 сааттын ичинде шаарга украиналык учкучсуз учактар ​​жана артиллериядан 60тан ашык сокку урулду. Өткөн түнү үч жаран курман болуп, дагы бир адам жаракат алды. Снаряддардын бири бала бакчадан жүз метрдей алыс жерде жарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан