Токаев январь окуясында кармалгандардын айрымдарына мунапыс берилерин айтты

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев январь окуясынын катышуучуларына мунапыс жарыялады. Ал 1-сентябрда парламенттеги кайрылуусунда мунапыс оор кылмыштар үчүн айыпталбаган жарандарга тиешелүү болорун белгиледи.

"Мунапыс массалык баш аламандыктарды уюштурууга катышкан жана мамлекеттик чыккынчылык жана бийликти күч менен алмаштыруу аракети боюнча айыпталган негизги айыпталуучуларга таасирин тийгизбейт", - деди Касым-Жомарт Токаев.

Эске салсак, ушул жылдын январында Казакстанда суюлтулган газдын баасынын көтөрүлүүсүнө нааразы болгон эл көчөгө чыккан. Натыйжада массалык башаламандыкка айланып, күч органдары элге ок аткан. Расмий маалыматта 238 адам каза тапкандыгы айтылган.

Бийлик аны өлкөдө сырткы күчтөр бийликти күч менен алмаштыруу аракетин жасап жаткандыгын жана тополоңду террордук күчтөр уюштурганын айтып чыккан. Январь окуясы боюнча жалпысынан 429 кылмыш иши сотко өткөн, алардын алкагында 545 адам соттолду. Алардын ичинен 83 жаран бийлик өкүлдөрүнө зомбулук көрсөтүү менен байланышкан оор кылмыштарды жасоого айыпталганы үчүн эркинен ажыратылганы айтылган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан