Борбор шаарыбыздын мектептери 180 миң окуучуга эшигин ачты

Бүгүн, 1-сентябрда Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарында Билим күнүнө арналган салтанаттуу иш-чаралар болуп өттү. Анда борбор шаарыбыздын мектептери 180 миң окуучуга эшигин ачты. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Билим берүү башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2022-2023-окуу жылында борбор калаанын мектептеринде 180 миңден ашуун окуучу үчүн биринчи коңгуроо кагылды. Бардык мектептерде "Кыргыз жараны – жарандардын биримдиги" деген темада биринчи сабак өткөрүлдү.

Шаардын муниципалдык менчик жана жер пайдалануу боюнча вице-мэри Нурдан Орунтаев №39 мектептин линейкасына катышты. Октябрь районунун акими Азамат Дороев №60 орто мектепте болуп, жаңы босогону аттаган 1-класстын окуучуларына алдыдагы окуу жылы алардын жашоосундагы эң сонун жылдардан болушун каалады. Ал эми №43 толук эмес орто мектепте окуучуларды Свердлов районунун акиминин биринчи орун басары Руслан Бекназаров куттуктады. Бишкек шаарындагы №14 орто мектеп да борбор калаанын Октябрь районунун окуучуларына эшигин ачты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан