Орусиянын президенти Владимир Путин Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.
Анда бүгүн Токаевдин Казакстан элине кайрылуусунда сүйлөгөн сөзүнө байланыштуу маселелер талкуулангандыгы жана Путин ага бул кайрылууда айтылган масштабдуу милдеттерди ишке ашырууда ийгиликтерди каалагандыгы айтылат.
“Орус-казак мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө, анын ичинде жакында Сочиде өткөн эки тараптуу саммитте жетишилген макулдашууларды эске алуу менен өз ара ынтызарлык билдирилди”, - деп жазылат анда.
Бейшемби күнү өлкө элине кайрылуусунда Токаев биринчи беш жылдык мөөнөтү 2024-жылы бүтөрүнө карабай, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону ушул жылдын күзүндө өткөрүүнү сунуштады. Ошол эле маалда ал президенттик мөөнөттү беш жылдан жети жылга, бирок кайра шайланууга укуксуз жогорулатуу демилгесин көтөрдү.