Орусиянын президенти Владимир Путин СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачёв менен 1-сентябрда өлүкканада коштошту.
Мамлекет башчынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путин буга чейин пландалган ишине байланыштуу Калининградга бара тургандыктан улам 3-сентябрда боло турган Горбачёвду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катыша албай турганын билдирди.
Саясатчы менен коштошуу зыйнаты ишемби күнү Кремлдин Колонналар залында болот жана сөөгү Новодевичье көрүстөнүндө 1999-жылы каза болгон жубайы Раисанын жанына коюлат. Михаил Горбачев 30-август күнү кечинде узакка созулган оорудан улам 91 жашында Москвада көз жумду.