Аргентинанын вице-президентине кол салуу аракети болду

Аргентинада белгисиз жаран өлкөнүн экс-президенти, учурдагы вице-президент Кристина Киршнерге кол салууга аракет кылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, окуя вице-президент өзүнүн үйүнүн жанында тарапташтары менен сүйлөшүп жаткан учурда болгон. Белгисиз жаран тапанчасын вице-президентке мээлеген, бирок ок чыккан эмес. Кол салууга аракет кылган жаранды дароо кармашкан. Тергөөдө ал 35 жаштагы Бразилиянын жараны экени белгилүү болгон. Ал эми бул окуядан улам өлкө башчысы Альберто Фернандес бүгүнкү жума күнүн эс алуу күнү деп жарыялады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан