Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Алимжан Байгазаков дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Байгазаков “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө” мыйзамдын 43-беренесинин 6-бөлүгүнүн 9-пунктуна ылайык дайындалды. Жарлыкка премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койду.
Эске сала кетсек, Алимжан Байгазаков 2012-жылдын 25-январынан тарта биринчи-вице-мэрлик кызматты аркалап келген. Ага чейин Курманбек Бакиев учурунда Ош облусунун губернаторунун орун басары болуп иштеген. Ошондой эле Ош шаардык каржы башкармалыгында да эмгектенген.