Учурда кар жаап баштаганына байланыштуу Ош шаарынын борбордук аянтында митингге чогулган 200гө чукул митингчилер акырындап таркай башташты.
Митингди уюштуруучулар тобунун мүчөсү Сапаргүл Бердалиева бийликке койгон 3 күндүк мөөнөттүн жыйынтыгын күтүшөрүн билдирди.
Эскерте кетсек, 19-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан Ахматбек Келдибековго Кылмыш кодексинин 303-304-беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагына камалган. Депутатка карата 2005-жылдары Социалдык фонддун төрагасы болуп турган кезде 21 миллион сомдон ашык каражатты негизсиз короткон деген айып тагылууда.