Атлантика океанындагы Тенерифе аралындагы аэропортто учкуч кызынын паспортун жоготуп алып аэропортто кечигип калган туристти алып кетүү үчүн учакты бурду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, 38 жаштагы Адриан Инсли аттуу жаран үй-бүлөсү жана ата-энеси менен Тенерифе аралында эс алып, кийин эс алуу аяктагандан кийин Манчестер шаарына учуу үчүн аэропортко келген. Ал үй-бүлөсү учакка отургандан кийин 7 жаштагы кызынын паспортун аэропортко унутуп кеткенин билген.
Ал документке шашылыш кеткенде учак учуп-конуу тилкесине чыгып кеткен. Ал айла жоктон башка билет карап жатканда күтүүсүздөн учак кайра аэропортко конгон.
Учак абага көтөрүлгөндө балдары атасы калып калганын түшүнүп ыйлап башташкан. Мындан улам стюардесса учкуч менен сүйлөшүп, учакты кайра аэропортко кондурган.