Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев:
"Президент "Ош жана Бишкек шаарларынын макамы тууралуу" мыйзам долбооруна кол койсо, бул эки шаардын мэрлери 2014-жылдын январь айында шайланат",- деп билдирди. Анын айтымында, аталган мыйзамга кол коюлгандан кийин 10 күн аралыкта Боршайком шайлоо күнүн белгилеши керек.
"Эски мыйзам боюнча, шаар башчылык кызматын дайындоо президенттин бийлигинде болчу. Азыр мындай эмес. Жогорудагы жаңы мыйзам кабыл алынса, шаардык кеңештеги фракциялар менен өкмөт башчы мэрликке талапкерлерди көрсөтө алат",- деп жооп берди.