Аким шайлоодогу кыйынчылыктарды жогото турган мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберилди

Парламентте 5-декабрда “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды.

Демилгечи депутат Өмүрбек Текебаевдин айтымында, айыл-кыштактардын көп сандагы өкүлдөрү акимдикке талапкер тандоого катыша тургандыгы - иштеп жаткан мыйзамдын жакшы жагы. Көп сандагы депутаттарды сатып алуу, көндүрүү татаал болот, бул дагы тандоо процессине оң таасирин тийгизет.

Жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйынына катышкан депутаттардын көпчүлүк добушун алган талапкер өтпөйт, анткени мыйзамда биргелешкен жыйынга катыша турган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен чечим кабыл алуу тартиби тастыкталган.

Буга байланыштуу сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда акимдин кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерди тандоо боюнча чечимди жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйналышына катыша турган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алууга карата ченди жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйналышына катышкан депутаттардын санына чейин азайтуу жагы каралууда.

Мындан сырткары премьер-министр жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйналышына катыша турган депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча, эгерде ал жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйналышына катышкан депутаттардын санынын үчтөн экисинин добушу менен колдоого алынса, акимди ээлеген кызмат ордунан бошото алат. Ошондой эле премьер-министр өзүнүн демилгеси менен акимди кызматтан бошото алат.

Ошентип, акимдин кызмат ордуна дайындоого өкмөт башчысына сунуштоо үчүн талапкерди тандап алуу процессинде мыйзамдардын жана укук колдонуу практикасынын ортосундагы карама-каршылыкты жоюлат.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан