Казакстанда борбордун атын кайра Астана кылуу сунушталды

Коңшу Казакстандын Мажилисинин (парламенттин төмөнкү палатасы) депутаттары өлкөнүн борборунун аталышын кайра Астана кылууну сунушташты. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, мындай демилгени жыл башында түзүлгөн "Жаңы Казакстан" тобунун депутаттары көтөрүшкөн.

"Адамдын көзү тирүү кезинде кайсы бир шаарга ысым ыйгарылганы туура эмес деп эсептейбиз, анын үстүнө эл дагы борбордун жаңы атын кабыл алган жок. Андыктан борбор калаанын мурдагы Астана атын кайтарып берүү тарыхый жактан адилеттүү болот", - деп айтылат депутаттардын билдирүүсүндө.

Астананын атын Нур-Султан деп өзгөртүүнү Касым-Жомарт Токаев өзү 2019-жылдын 20-мартында Нурсултан Назарбаев кызматтан кетип, Токаевге өткөрүп бергенден кийин президенттик кызматка киришкен күнү сунуштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан