Леонардо Ди Каприо 22 жаштагы украиналык модель менен мамиледе экени айтылды. Ал ким?

Атактуу америкалык актёр Леонардо Ди Каприо учурда 22 жаштагы украиналык модель Мария Берегова менен мамиле куруп жатат. Бул тууралуу бир катар чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, актёр менен моделди күйөрмандары Франциянын Сен-Тропе шаарындагы түнкү клубдан байкашып, кийинчерээк яхтада чогуу жүргөнүн көрүшкөн. Түгөйлөрдүн мамилеси жай айларында башталганы айтылды.

Мария Берегова таасирдүү ишкердин кызы жана фармацевтика бизнесинин мураскери. Ал 2000-жылы Киевде төрөлүп, Швейцарияда окуп чоңойгон жана азыр Лондондо жашайт. Ал жакында буга чейин мамиледе болгон 30 жаштагы араб ишкери менен эки ажырым жолго түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Guli1985
2022-09-03 18:13:00
Ди Каприо канчага чыгып калды, ким билет?
0
Medina87
2022-09-03 21:06:00
Guli1985 47де , 1974- жылкы
0
voennyi88
2022-09-03 23:12:00
Бүркүт учат, Ала-Тоону этектеп, сени сүйдүм кадырыма жетет деп, ойлобогом эч убакта эч качан, мени таштап Ди Капиро менен кетет деп.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан