Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров кызматтан кетүү тууралуу ойлонуп жатканын билдирди

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров президенттик кызматта көп жыл иштегенин түшүнүп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн телеграм каналына жазды.

"Мен кызматта өтө көп отурганымды өзүм байкадым. Мен мөөнөтсүз жана узак эс алууга толук татыктуу болдум деп ойлойм. Мени колдоп, түшүнөсүздөр деген ишеничтемин", - деди ал.

Ошондой эле Кадыров жаштыгы өтүп кеткенин белгиледи.

"Көрсө, менин жаштыгым өтүптүр. Бир кезде жаш болчумун, тажрыйбасы жок. Азыр деле ошол бойдон тажрыйбасызмын, бирок жаштыгым өтүп кетти", - деп кошумчалаган ал.

Рамзан Кадыров Чеченстанды 2007-жылдан бери башкарып келет. Кадыров акыркы жолу 2021-жылдын сентябрында республиканын башчылыгына кайра шайланган, анын ыйгарым укуктары 2026-жылы аяктайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Taalai-bek
2022-09-04 15:05:00
Молодец. Кет эми . Бирок жаштагым отуп кетти деп актанба . Ким эле жаштыгын президент болуп откоруптур.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан