Ош шаардык мэриясынын экономика жана ишкердикти өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Чыныбек Тойчиевдин маалыматына ылайык, Навои көчөсүндө курулуп жаткан көпүрөнүн курулушуна ачылган эсепке түшкөн акча каражаты бүгүнкү күнгө карата 1 420 586 сомду түздү. Аталган көпүрөнүн курулушуна акыркылардан болуп шаардагы балдар бакчасы жана мектеп кызматкерлери бир күндүк маянасын которушкан. Учурда ачылган эсепке башка уюм, мекеме, ишкана жана чет жактагы мекендештерден каражаттарды которуу улантылууда.
“Ош шаардык мэриясына көпүрөнүн курулушуна акча каражатын которуу процессин билүүгө көпчүлүк жарандар кайрылышууда жана каражаттарын которушууда. Түшкөн акча каражаты эсепте тургандыктан, азырынча иштетиле элек. Эстакада көпүрөсүнүн курулушуна кеткен чыгымдар жергиликтүү бюджет аркылуу каржыланууда”, - дейт Чыныбек Тойчиев.
Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.