Коңшу Казакстандын Костанай облусунда ири өрт кырсыгы катталып, анын аянты 43 миң гектарга жетти. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө 32 техника, 3 учак, 3 өрт өчүрүүчү поезд, 235 адам тартылган. Техникалар сууну 25 чакырым алыстыктагы табигый суу сактагычтан ташып келүүдө.
Учурда аталган облуста абанын температурасы +38 градуска жетти.
Өрттөн улам 3 миңден ашуун жергиликтүү тургундар эвакуацияланып, 84 жаштагы адам каза болду.