Күйүүчү майдын баасы дагы көтөрүлөт. Кыргызстандын нефтетрейдерлери анын себептерин айтты

Күзүндө дизелдик майдын баасы дагы да көтөрүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канатбек Эшатов "Биринчи Радиого" берген маегинде билдирди.

Айтымында, чекене баанын сезондук өсүшү бир нече себептерге байланыштуу. Бирден бир себеби, бүгүнкү күндө Орусиянын ички рыногунда дизелдик отундун тартыштыгы. Мындан сырткары, Казакстан сентябрь айынан тарта Орусиянын мунай иштетүүчү заводдорунан белгилүү көлөмдөгү дизель майын сатып алуу ниетин билдирген.

«Казакстан жыл аягында Орусиядан дизель майынын эки-үч айлык запасын сатып алат. Ушундан улам суроо-талап өсүп, баалар автоматтык түрдө көтөрүлөт», - деди Эшатов.

Чекене керектөөчүлөр үчүн акыркы баалар кайра иштетүүчүлөрдүн сатуу баасына жараша болот. Нефтетрейдерлер ассоциациясы дизелдик май дагы канчага кымбатташы мүмкүн экенин тактаган жок. Ошол эле учурда күйүүчү-майлоочу майлардын кымбатташы дүйнөлүк тенденция экени белгиленет.

Орусиялык нефтини кайра иштетүүчү заводдордо дизелдик отундун сатуу баасы жыл башынан бери 98 пайызга, Кыргызстанда чекене баасы 22,5 пайызга өскөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Spb
2022-09-05 19:43:00
Кытайдан алынып келип аткан електро мобилдерге отуш керек кыргызстан и ошондоц еле казака сууну литирлеп сатыш керек ошондо дизелге бекер алмаша баштайт тезинен ошол ишти ашырыш керек болбосом жалдыратат булар бизди
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан