Жогорку Кеңештин 5-декабрдагы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков кыргыз парламентинин китепканасын кеңейтилип жатканын айтты. Учурда заманбап “электрондук китепкана” жана “электрондук архив” деген түшүнүктөр киргизилип жатканын билдирди ал.
“Ушул айдын аягына чейин парламенттеги жаңы кошумча имарат колдонууга берилет. Анда китепкана менен архив жайгашат. Ошол эле жайда парламенттик кабарчылардын иштөөсүнө ылайыкташтырылган бөлмө болот. Демек, жакын арада депутаттар, кызматкерлер, журналисттердин керектүү документтер менен иш алпаруусуна ыңгайлуу шарттар түзүлөт”,- дейт төрага.