3-декабрь - Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын Эл аралык күнүнө карата Ош шаардык мэриясы түштүк аймактык "Азиздер жана дүлөйлөр" коомунун эсебине 300 миң сом акча каражатын которду. Которулган акча каражаты Ошто каттоодо турган майыптарга бөлүнүп берилет.
Мындан сырткары бул датага карата Ош шаардык мэриясы тарабынан түрдүү иш чаралар аткарылса, ал эми шаардык кеңештин депутаттары тарабынан материалдык жардамдар көрсөтүлгөн.