Кыргызстан Орусиянын Кабулдагы элчилигинин жанында болгон террордук актыны айыптайт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ведомствонун билдирүүсүндө тынч жашаган калкка, чет элдик дипломаттарга каршы багытталган ар кандай террордук актылар тыкыр иликтенип, күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жоопко тартылышы керектиги айтылат.
"Кыргызстан кандай гана формада болбосун террорчулукка жана экстремизмге каршы ырайымсыз күрөштү колдой турганын ырастайт жана бул маселеде бүткүл эл аралык коомчулуктун координациясын мындан ары да күчөтүүгө чакырат", - деп айтылат билдирүүдө.
Министрлик каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайт.