"Менин көзүмчө атсын". Кадамжайда өлтүрүлгөн окуучу кыздын апасы кармалгандарды өлүм жазасына тартууну талап кылды

Баткен облусунун Кадамжай районунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 9-класстын окуучусунун апасы кылмышкерлерди өлүм жазасына тартууну талап кылды.

"Өлүм жазасын берсин, элдин алдына алып чыгып, менин көзүмчө атсын. Менин жалгыз кызымды жеп коюшту", - деп көзүнө жаш алды окуучу кыздын апасы.

Маркум кыздын апасы кызы менен эки күн мурда сүйлөшкөнүн айтты.

Эске салсак, 4-сентябрь күнү Баткен облусунун Кадамжай районунун Ноогардан айылында саат 15-25 чамасында сел өтүүчү тоннелдин ичинде колу артка жип менен байланган, моюнунан жип менен муунтулуп киши колдуу өлтүрүлгөн кыздын жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 3 тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Saidochka
2022-09-06 18:19:00
Ошентиш керек болуп калды бул акмактарды.Биринчиден какшаган эненин көкшүнү суумак,экинчиден ушундай зөөкүрлөр кылмыш жасаарда ойлонмок
+1
raykray
2022-09-06 18:41:00
Менда колдойм ушундай жазаны! Башкаларга сабак болот . Адам зордордо , олтурордо эсине келе тушот! Халмион айыл окмотундо экинчи жолу болуп жатат кызды зордоп олтурмой
0
zam81
2022-09-06 23:33:00
Айбандарды элге салыш керек
0
mira28
2022-09-06 23:45:00
Эн окунучтуусу атпайт да,анын ордуна 3оонон 2 пулдуурагы бироонун мойнуна алдырып ,суудан курук чыгып кетет.5,6 жылдан кийин унутта калат да 3-сунда 1 кунун 2 кун деп эсептеп чыгарып коет.Буга чейин мындай окуя болбой келдиби?баары эле ушундай жол менен жабылып ,каракчы зордукчулар жашап,кээ бир дагыле кылмыш жасап келе жатат.Олум жазасын киргизилсин.Келечекти ойлосок,зордук зомбулукту токтотолу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан