Канадада 10 кишини бычактаган кылмышкерлердин биринин жансыз денеси табылды

Канаданын борбордук Саскачеван провинциясында 10 адамды бычактап өлтүргөн кылмышкерлердин биринин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Андагы маалыматка таяна турган болсок, 31 жаштагы Дэмиен Сандерсондун жансыз денеси бычакталган абалда табылган. Полиция кызматынын айтымында, экинчи шектүү Майлз Сандерсон да жарадар болушу мүмкүн. Учурда аны издөө иштери жүрүп жатканы айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин Саскачеван провинциясында бир нече кол салуудан кеминде 10 адам каза болуп, дагы 15и бычактан жаракат алганы жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан