Бүгүн, 5-декабрда вице-спикер Төрөбай Зулпукаров Оштун Ноокат районундагы жергиликтүү кеңештердин депутаттары менен жолугушту. Жолугушууда Зулпукаров жергиликтүү кеңештин депутаттарына Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү, парламенттин иштөө тартиби тууралуу маалымат берди.
Н.Исанов атындагы айылдык кеңештин төрагасы Абдисалам Байдөөлөтов коррупцияга шектелип, камалгандар күнөөлүү болсо жоопко тартылышы керектигин айтты. Зулпукаров өлкөдө жүрүп жаткан коррупцияга каршы күрөш бир жактуу болуу деген сөздөрдү айрым саясатчылар гана айтып жатканын билдирди. “Коррупцияга шектелгендерди партиялаш катары эле калкалай берүүгө болбойт. Андай жарандарга тергөөнүн негизинде сот аркылуу бүтүм чыгарылат. Мыйзамдуу тартип ушундай”,- деди вице-спикер.
Жергиликтүү кеңештердеги эл өкүлдөрү таза суу, жол, мектеп көйгөйлөрүн айтышты. Төрага орун басары айтылган көйгөйлөрдү чечүүнү өкмөткө тапшырып, каржы жагын кийинки жылдын республикалык бюджетине киргизүүнү сунуштай турганын кошумчалады.