Кыргызстанда психикалык жактан жабыркагандардын саны 68 миң адамды түзөт

Бүгүн, 5-декабрдагы маалымат жыйынында “Продвижение альтернатив” коомдук уюмунун координатору Перизат Асылбаева “Кыргызстанда психикалык жактан жабыркагандардын саны 68 миң адамды түзөт” деп билдирди. 

Анын айтымында, бул катталган адамдардын гана саны. Алардын үчтөн бир бөлүгү майыптар болуп эсептелет. Мындан сырткары кийинки жылы түштүктө аталган ооруга кабылгандарды дарылоо үчүн атайын борбор ачыларын кошумчалады. 

“Бейтаптарды дарылоонун бир топ ыкмалары бар. Психикалык жактан жабыркагандар да коомчулукка кандайдыр бир деңгээлде жардам алып келерин түшүнүшүбүз керек. Аларды алгач дарылоо керек. Ооруга чалдыккандардын көпчүлүгү жардам сурап кайрылбайт. Күндүз иштеген дарылоочу борборлор ооругандарды күнүмдүк жашоо образын түзүүгө шарт түзүп беришет. Борборлордо медайымдар, дин өкүлдөрү иштеп, бат айыкканга жардам беришет”,- деди Асылбаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан