Ноокенде 6 жашар кызды зордуктоого айыпталган жаран өмүр бою эркинен ажыратылды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 6 жашар кызды зордуктоого айыпталган жаран өмүр бою эркиндигинен ажыратылды. Бул тууралуу Ноокен райондук сотунан билдиришти.

Ага ылайык, Ноокен райондук сотунун 2022-жылдын 6-сентябрындагы өкүмү менен П.А.С. Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 4-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылды.

Маалымат үчүн:

Ноокен районунун 22 жаштагы С.Ш. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, 26-майда саат 14:30 чамасында кайын эжесинин 6 жашар А.С. аттуу кызы мектептен денесинде көгөргөн жана кызарган жарааттары бар абалда ыйлап келгенин жана аны Акжол аттуу кошунасы зордуктаганын айткандыгын билдирип, чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин (зордуктоо) негизинде кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Ыкчам тергөө аракеттеринин жүрүшүндө, кылмышка шектелип Ноокен районунун 1994-жылы туулган П.А. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга 2 айга камакка алынган.

Анын жасаган кылмыштуу аракеттери толугу менен далилденип, 2022-жылдын июнь айында соттун кароосуна жиберилген. Август айында шектүү жарандын кылмышы далилденген.






РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mirlanpiter
2022-09-07 23:14:00
Кылмышы толук далилденгенди дароо эле өлүм жазасына тартуу керек, мындай айбандарды багып олтурбай!!!
0
nazira...
2022-09-08 06:45:00
Элдин көз алдында кылганда токтойт беле ушуга окшогондор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан