Супер фактылар: Көпчүлүк сүйүп ичкен кофе тууралуу кызыктуу фактылар

Айрым адамдар таңды кофе ичүү менен тосуп алса, айрымдары уйкусун ачыш үчүн же кесиптештери менен кофе ичип баарлашуудан ырахат алышат. Мына ушул көпчүлүк сүйүп ичкен аромат жыттуу кофе тууралуу бир канча кызыктуу фактыларды сунуштайбыз.

1. Кофенин жаралуу тарыхына кайрылсак, уламыштарда кофе тууралуу алгач эфиопиялык койчу билген деп айтылат. Ал кой-эчкилери белгисиз жемишти жеген соң кубаттуу болуп жатканын байкап, аны өзү да жеп көргөн. Кийин бул жемиш тууралуу кечилдерге (монах) айтып берген. Алар бул жемишти кайнатып, ширесин ичкен соң алда канча күч-кубаттуу болуп жатканын байкап, аны түнү менен уктабай сыйынуу ырым-жырымдарга колдоно башташкан;

2. Биз ичип жаткан кофе дароо эле пайда болгон эмес. Анын данын алгач тамак-ашка пайдаланышкан. Кийинчерээк гана аны кайнатып суусундук катары иче башташкан;

3. Меккеде 1511-жылдары, ал эми Англияда 1675-жылдары кофейняларга катуу тыюу салынып келген. Себеби бул жерлерде бийликке каршы күчтөр чогулуш уюштуруп келишкен. Мисалга алсак, 1789-жылдагы Улуу француз революциясы да кофейняда чогулуш уюштуруп келген адамдар тарабынан чыкканы айтылат тарых булактарында;

4. Кофе дүйнө жүзү боюнча эң көп сатылган товарлардын ичинде 2-орунда турат. Биринчи орунда мунай;

5. Дүйнө жүзү боюнча жыл сайын 500 миллиард чашка кофе ичилет. Анын жарымы эртең менен ичилет;

6. Кофе колдонуу боюнча дүйнөлүк статистикага таянсак, Финляндия өлкөсүндө 1 адам жыл сайын 12 килограмм кофе колдонот, Исландия өлкөсүндө 1 адамга 9 килограмм туура келсе, Норвегияда 9 килограмм 900 грамм, Орусияда 1 килограмм 700 грамм туура келет;

7. Кофеге сүт кошуп ичүү 17-кылымдын башында пайда болгон. Анда француз дарыгери бейтаптарына кофеге сүт кошуп берчү;

8. Учурда көпчүлүк колдонгон тез даярдалуучу кофе 1906-жылы АКШда Жорж Констант Луи Вашингтон тарабынан ойлоп табылган;

9. Американо сөзү Экинчи дүйнөлүк согуш маалында пайда болгон. Анда Европадагы америкалык жоокерлер эспрессо кофесинин ачуу даамын азайтуу үчүн кайнак суу кошуп ичип башташкан. Мындан улам аны американо деп атап калышкан;

10. Японияда кофеден жасалган атайын бассейн бар, алар кофе дененин териси үчүн пайдалуу дешет;

11. Кофенин өлүмгө жеткирүүчү дозасы 100 чашка;

12. Япония өлкөсү кофени көп пайдаланган өлкөлөрдүн сап башында. Бул өлкөдө 1-октябрь кофе майрамы катары белгиленет;

13. Эл аралык олимпиада комитетинде кофе кокаин сыяктуу эле тыюу салынган. Эгер спортчунун канынан кофеин табылса дароо четтетилет;

14. Кофени нормага ылайык ичүү ашыкча салмактан арылтат. Ал табитти төмөндөтүп, метаболизмдин иштешин тездетет. Бирок кофе ичүү менен бирге майлуу тамактардан алыс болуу жана активдүү кыймыл-аракетте болуу керек дешет диетологдор;

15. Кофе өскөн дарактын бийиктиги 9-10 метрге чейин жетет. Бирок анын данын кол менен терип алууга ыңгайлуу болуш үчүн 3 метрге чейин гана өстүрүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан