Кечээ, 8-сентябрь күнү ханзаада Чарльз Карл III деген ат менен Улуу Британиянын падышасы болду. Толук аты-жөнү Чарльз Филипп Артур Жорж 1948-жылы 14-ноябрда Букингем сарайында төрөлгөн. Ал Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II жана анын күйөөсү Эдинбург герцогу ханзаада Филипптин тун уулу. Апасы Елизавета II 1952-жылдын 6-февралында Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын ханышасы болгондон кийин Чарльз үч жаш үч айлык кезинде тактынын мураскору болгон.
Чарльздын расмий түрдө падыша катары такка отургузуу аземи Лондондогу Сент-Жеймс сарайында мүмкүн болушунча тез арада өтөөрү кабарланды. Эске салсак, Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II 8-сентябрда Шотландиянын Балморал сепилинде оорудан кийин каза болгон. Ал 96 жашта болчу.
1981-жылы Чарльз Диана Фрэнсис Спенсерге үйлөнгөн, анын натыйжасында Диана ханбийке статусуна ээ болгон. Бирок бардык британиялыктар аны Диана бийкеч же жөн эле Леди Ди деп аташкан. Ал Уинстон Черчилль менен алыскы тууган болгон. Түгөйлөр 1982-жылы 21-июнда Уильем, ал эми 1984-жылы 15-сентябрда Гарри аттуу эки уулдуу болушкан. 1990-жылдары Чарльз менен Диананын мамилелери бузулуп, 1996-жылы расмий түрдө ажырашышкан. Ал эми 1997-жылы 31-августта Парижди көздөй лимузин менен келе жаткан Диана күтүүсүз автокырсыкка кабылып, өмүр менен кош айтышкан.
Чарльздын экинчи жубайы Камилла. Экөө 2005-жылы, биринчи жубайлары менен ажырашкандарына 9 жана 10 жылдын жүзү болгон соң баш кошушкан. Чарльз менен Камилланын үйлөнүү тою тар чөйрөдө өткөндүгүнө карабастан Елизавета II тойго катышкан эмес.
Төмөндө жаңы падыша Чарльз тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз.
- Падыша искусствого кызыгат, акварель менен сүрөт тартууну жакшы көрөт. Ал эң ийгиликтүү британиялык сүрөтчүлөрдүн бири болуп саналат.
- Чарльз кайрымдуулук иштерине активдүү катышып, ар кандай коомдордун мүчөсү. Андан сырткары Prince's Foundation жана башка 15 кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү.
- Ал поло ойногонду, балык уулаганды жакшы көрөт, ошондой эле 2005-жылга чейин түлкүлөргө аңчылык кылганды жакшы көрчү. Бирок көңүл ачуунун бул түрүнө тыюу салынган.
- Чарльз мышыктардан башка бардык жаныбарларды жакшы көрөт.
- Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык шаар чөйрөсүн жакшыртуу боюнча долбоорлор менен активдүү алектенет. 2012-жылы Чарльздын жаратылышты коргоого кошкон салымынын белгиси катары анын урматына баканын жаңы түрү аталган: Hyloscirtus princecharlesi.
- Чарльз органикалык багбан жана бир жолу өсүмдүктөр менен баарлашуу пайдалуу экенин моюнуна алган.
- Ал архитектура, живопись жана багбанчылык боюнча бир катар китептерди жазган жана экологиялык даректүү тасмалардын сценарийинин автору болгон.
- 1980-жылы падыша Чарльз өзүнүн инилери Эдвард жана Эндрю үчүн "Лохнагарадагы абышка" аттуу балдар китебин чыгарган.
1996-жылы ханзаада Чарльз Кыргызстанга келген. Дипломаттар сыйлуу конокту Ала-Арча капчыгайына чейин алып барып сый көрсөтүшкөн.