Бүгүн, 5-декабрдагы маалымат жыйынында “Продвижение альтернатив” коомдук уюмунун волонтёрлор менен иштешүү боюнча координатору Тимур Сабиров “Башка аймактардагы психиатриялык ооруканаларда Бишкекке салыштырмалуу кыйноолор аз катталат” деп билдирди.
Анын айтымында, аталган уюм бир нече убакыт мурун психиатриялык мекемелерде дарыланып жаткандардын арасында социалдык сурамжылоо жүргүзгөн. Жыйынтыгында аймактардагы ооруканалардан арыздануулар аз түшкөнү белгилүү болгон.
“Буга аймактардагы жогорудагыдай мекемелердин кичине болушу жана иштегендердин, дарылангандардын санынын аздыгы себеп болушу мүмкүн. Бирок шаардагы психиатриялык мекемелерде иштегендерге салыштырмалуу билим деңгээли төмөн. Медицина менен илим бир жерде турбайт. Ал эми буларда квалификациясын жогорулатуу деген дээрлик жокко эсе. Бул дарылануучулардын ден соолугуна да таасирин тийгизет”,- деди Сабиров.
Мындан сырткары эң начар мекемелердин катарында Чүй облусунун Чым-Коргон жана Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар айылындагы ооруканалар экенин кошумчалады. Маселен, Кызыл-Жардагы ооруканада сот жана тергөөчүлөр тарабынан соттук-медициналык текшерүү үчүн жөнөтүлгөндөр дарыланат.
“Биз аталган ооруканага барып, зордуктоо үчүн камалган 20 эркектин жана 2 аялдын бир бөлүмдө жатканын көрүп аябай таң калдык. Башкача айтканда, аялдар үчүн атайын палаталар жок. Бул укук бузуу болуп эсептелет. Биз тийиштүү органдарга аялдар менен эркектерди бөлүп дарылоо боюнча расмий кат жаздык”,- деп кошумчалады.