"Кызматтан алуу аздык кылат, эл алдында жооп бериши керек". Түмөнбаев мигранттардын өлүмүнө элчи менен министрди күнөөлөдү

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев Ульяновскидеги каргашалуу жол кырсыктагы мигранттардын өлүмү үчүн Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат жооп бериши керектигин билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-сентябрда “Элдик” жана “Альянс” фракцияларынын биргелешкен жыйынында айтты.

"Өзүңүздөр жакшы билесиздер, Ульяновскиде 14 мекендешибиз каза таап жарандарыбыздын кабыргасы кайышты. Буга түздөн-түз миграция министри (ред: эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри - Кудайберген Базарбаев) менен Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат экөө күнөөлүү. Жөн эле кызмат ордунан бошобой Кыргыз мамлекетинин, элинин алдында жооп бериши керек. Жыйындын аягында чечим кабыл алып, президент Садыр Нургожоевичке кайрылуу кылабыз”,- деди ал.

Жогорку Кеңештин кечээги жыйынында депутаттар акыркы убактарда орун алган орчундуу окуялар боюнча бир катар министрликтерди жана Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Саматты келерки аптада парламентке чакырып маалымат угууну демилгелешкен.

Эске салсак, 21-августта Орусиянын Ульяновск облусунда 16 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталган. Алардын ичинен 14ү Кыргыз жараны. Мындан тышкары дагы 3 Кыргыз жараны - эки эркек, бир аял киши ооруканага түшкөн. Каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга президенттик фонддон 300 миң сомдон акчалай жардам берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан