Түндүк Корея расмий түрдө өзүн өзөктүк мамлекет деп жарыялады

Түндүк Корея кол салуу болгон учурда өзөктүк соккуну алдын ала колдонууга уруксат берген өзөктүк курал боюнча мыйзамды кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Түндүк Кореянын Жогорку Элдик Ассамблеясы өзөктүк курал боюнча мыйзамды кабыл алып, аларды тышкы чабуулдан коргонуу үчүн колдонууга уруксат берди.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Пхеньяндагы парламентте сүйлөп жатып, өлкөнүн өзөктүк статусу азыр кайтарылгыс экенин жана өлкөнүн өзөктүк куралдан арылуусу тууралуу талкуулардын мааниси жок экенин айткан.

изге 100 күнгө, 1000 күнгө, 10 жылга же 100 жылга санкция киргизишсин, биз өлкөбүздүн баркын, элибиздин коопсуздугун сактаган өзүбүздү коргоо укугубуздан эч качан баш тартпайбыз", - деген ал.

Кабыл алынган документке ылайык, Түндүк Корея өзөктүк куралды колдоно алат, эгерде:
Ядролук куралдарды колдонуу менен өлкөгө кол салуу болсо;

Өлкөгө коркунуч жаралган учурда;

Мамлекеттин жетекчилигине жана ядролук күчтөрдүн командачылыгынын жетекчилерине кол салуу болсо;

Өлкөнүн стратегиялык объектилерине кол салуу болсо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан