Өлкөдөгү мечиттерде зордук-зомбулуктардын алдын алуу жаатында баяндамалар жасалды (видео)

Өлкөдөгү мечиттерде зордук-зомбулуктардын алдын алуу жаатында баяндамалар жасалды. Мындай саамалык Кадамжай районундагы өспүрүм кыздын мыкаачылык менен өмүрүнүн кыйылышына байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын тапшырмасына ылайык жүзөгө ашты.

Муфтият буга чейин өлкө аймагындагы мечиттерде балдардын тарбиясы, ыймандын жана адеп-ахлак, зынаанын шарияттагы орду, адам өмүрүнө кол салуунун кесепети, өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктардын алдын алуу жаатында баяндамалар жасаларын кабарлаган.

Эске салсак, 4-сентябрь күнү Баткен облусунун Кадамжай районунун Ноогардан айылында саат 15:25 чамасында сел өтүүчү тоннелдин ичинде колу артка жип менен байланган, моюнунан жип менен муунтулуп киши колдуу өлтүрүлгөн кыздын жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 3 тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан