Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров бүгүн, 5-декабрда Бишкектеги Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлчүлүгүнүн алдында пикет өткөздү. Анда ал Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келүү талабын коюп, экс-президенттин сүрөтү тартылган беткап кийип, “Андижан полькасын” бийледи.
“Мындан үч жыл мурун оор кылмыш жасап, азыр эч нерсе болбогондой Минск шаарында тайраңдап жашап жүргөн Бакиевге эмне үчүн БУУнун кызматкерлери экстрадициялоо маселесин козгошпойт?! Алар эң сонун билишет, Бакиев кандай кылмышка жоопкер экендигин мен буга чейин да ушул эле талап менен бир нече жолу акцияларды өткөргөм. Кат аркылуу да кайрылгам, бирок бир да жооп жок”,- деди укук коргоочу.