20-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан камакка алынган депутат Ахматбек Келдибековдун бошотуусун талап кылган 20га чукул аялдар ачкачылык жарыялап орозо тутуусун улантууда.
"Мен сага орозо оозум менен сүйлөп жатам. Бийлик тараптан бизге эч кандай жооп болгон жок. Аксакалдар өкмөттун облустагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүүгө кирип чыгалы дешсе, ал Бишкекте деп эшиктен киргизбей коюшуптур",- дейт митингди уюштуруу тобунун мүчөсү Сапаргүл Бердалиева.
Эскерте кетсек, 19-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан Ахматбек Келдибековго Кылмыш кодексинин 303-304-беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагына камалган. Депутатка карата 2005-жылдары Социалдык фонддун төрагасы болуп турган кезде 21 миллион сомдон ашык каражатты негизсиз короткон деген айып тагылууда.